Биз менен байланышыңыз

Майып баласын караган ата-энеге жөлөк пул бериле баштайт

Кыска кабар | 27 Дек 2018 | 1187 | 0

2019-жылдан тарта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын кароо жана көзөмөлдөөсү үчүн ата-энелерге  жөлөк пул бериле баштайт.

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык онүгүү министри Улукбек Кочкоров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында 2018-жылы өзгөчө камкордукка муктаж болгон ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кошумча каражат бөлүү маселеси каралып, жогорудагыдай чечим чыккан.

«2019-жылдан тарта аларга 4900 сом олчөмүндө жөлөк пул бериле баштайт. Анын суммасын жылдан-жылга өзгөргөн жашоо минимумунун деңгээлине жараша карап, өзгөртүп турабыз»,-деди министр.

Эске салсак, ноябрь айында  үзгүлтүксүз камкордук жана көзөмөлгө муктаж болгон майып балдарды караган адамдарга жардам берүүнү уюштуруунун жобосун бекиткен токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM