Биз менен байланышыңыз

Мугалимге эстелик тургузуу сунушталды

Кыска кабар | 27 Дек 2018 | 824 | 0

Жогорку Кеңеште мугалимдерге арналган айкел тургузуу сунушталды. Демилгени «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров көтөрүп, өкмөт жаңы окуу жылына карата бул маселени карап көрүшү керектигин билдирди.

«Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде мугалимдерге арналган эстеликтер бар. Муну Орусиянын эле бир нече шаарындагы мисалдан көрсөк болот. Мына, «Биринчи мугалим-Дүйшөн» деп жүрөбүз. Биз да мугалимдерди эскерип, даңазалашыбыз керек»,-деген депутат өкмөттөн бул сунушту карап чыгуусун өтүндү.

Эске салсак, акыркы жылдары мугалимдердин айлык акысын көтөрүү жана иштөө шарттарын жакшыртууга, мугалимдик кесипке жаштарды кызыктырууга багытталган бир топ долбоорлор иштөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM