Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Атамбаевдин саясатта болушу маанилүү

Пикирлер | 27 Дек 2018 | 666 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясатта болушу саясий талаа үчүн маанилүү. Ал оппозиция катары да, каржылык ресурсу боюнча да чоң роль ойнойт. Анткени кыргыз саясатында акчанын орду маанилүү. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал Кыргызстанда президенттик башкаруу менен партиялык система өзүн актай албаганын айтат.

«Президентти парламент шайлай турган жолго өтүү зарыл. Партиялар саясий коррупцияны жаратууда. Анткени партияга бай адамдар кирет. Бирок ошону менен бирге партиянын катарында кесипкөй адистер дагы болушу керек. Парламенттин ролу начар. Бирок жаман дейин десек, парламентти биз шайладык. Коом дагы өз күнөөсүн сезиши керек. Кандай добуш берсеңер, ошондой парламент келди. Мамлекеттин багыты «Жигули» менен «Москвичке» кетүүдө. Биз жок дегенде «Тойота» алсак жакшы болсок. Бирок бул бийликтин максаты да, каалоосу да, багыты да эмес», — дейт Жээнбеков.

Ал буша кошумча акыркы убакта парламент эркин боло баштаганын, бирок сот менен өкмөт алсыз болуп жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM