Биз менен байланышыңыз

«Мунапыс бир жактуу жарыяланса, тирешүүгө алып келет»

Пикирлер | 26 Дек 2018 | 558 | 0

Мурунку премьер-министр Темир Сариев “Марал” радиосуна берген маегинде «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге башкалардын өтүнүчү менен мунапыс жарыяланса, анда саясий нукта камалган башка саясатчыларга да таасир берерин билдирди.

«Текбаевге ырайым берилсе, Чотонов, Асанов, Талгарбеков, Жапаровго дагы түздөн-түз таасири тиет.Алар киши өлтүргөн жок, куралдуу көтөрүлүш кылып, мамлекетти басып алган жок. Абактан чыкчу саясатчылардын маданиятынан дагы көп нерсе көз каранды. Эгер мунапыс бир жактуу жарыяланса, коомдо тирешүүгө алып келет. «Чыккан соң сенин сазайыңды көрсөтөм» деген жагдайлар болбошу керек. Ар бир адам саясий маданияттуулугун көрсөтө билиши керек», — дейт Сариев.

Сариев буга кошумча көп учурда аргументи жок сын айтылып каларын айтат. Ал Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондо ошол кездеги саясатчылар мамлектти колунан жетелеп, өздөрү да, элди да үйрөткөнүн белгилеп, баардык саясатчыларды жаман деген туура эмес экенин билдирди.

Эске салсак, экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. Мындан сырткары Отунбаева парламенттеги фракция лидерлерин да бул демилгеге кошулууга чакырган. Фракциянын лидерлери Отунбаеванын президент президентке жазган кайрылуусун колдошкон.

Copyright © 2017 Maral FM