Биз менен байланышыңыз

Сариев: Парламенттик шайлоого даярданып жатабыз

Пикирлер | 26 Дек 2018 | 515 | 0

Өкмөттүн аракети бар. Бирок өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттү башкачараак ишететсе болмок. Мындай пикирин мурунку премьер-министр Темир Сариев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөтү башкарып иштетүү кыйын. Бүгүн кабыл алынган чечим кеминде 1 жылда жыйынтык берет. Бирок учурда кылынчу иштер да бар.

Ар бир министр, мекеменин жетекчилери өз чөйрөсүндө иштеши керек. Айрым акимдер иштеп жүрүп өкмөт башчыны сындашат. Бул туура эмес. Аким, өкмөттүн ыйгарым өкүлдөрү өкмөткө айтылган сынды өзүнө айтылгандай кабыл алышы зарыл.

«Кабыл алган ар бир чечимин элге түшүндүрүп турушу шарт. Болбосо маалыматтар башкача өңүттө жетип, өкмөт куру сынга кабылат. Унааларды алып келүү боюнча өкмөттүн саясаты туура эмес. Эски унааларга эшик ачылып калды. Жаңы унааны эч ким алып келбейт. Себеби жаңы унаа алып келсеңиз, бир метр кубуна 1,4 доллар төлөйсүз», — дейт Сариев.

Сариев буга кошумча, премьер-министрлик кызматка чакыруу болсо, карап көрүп жооп берерин белгиледи. Ал алдыга койгон милдет, туруктуу көз караш, тажрыйбасы бар экенин айтып, учурда парламенттик шайлоого даярданып жатканын билдирди.

«Президентик шайлоодо утулуп калган соң саясаттан кетпейбиз дегенбиз. Жетишкендик, кыла турган кызмат али алдыда. Албетте, катачылыктар ар бир адамда болот. Саясатта жүргөндө жеке адамдык мамиледе дагы катачылыктар болот. Аларды анализдеп, кайра кетирбөөгө аракет кылуу зарыл. Жогорку бийликетиги адамдар кечиримдүү, айкөл болушу керек», — дейт Сариев.

Copyright © 2017 Maral FM