Биз менен байланышыңыз

Текебаевдин китебинин бет ачары болот

Кыска кабар | 26 Дек 2018 | 1007 | 0

Абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев тууралуу «Миссия» аталышындагы китептин бет ачары бүгүн Жогорку Кеңештин пресс-борборунда өтөт.

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын демилгеси менен өтүп жаткан бет ачарга анын партиялаштары Каныбек Иманалиев жана Наталья Никитенко катышары маалым болду.

Алтымыш жашка толгон атактуу саясатчынын туулган күнү өзүнүн көзү жогунда белгиленгендей, китебинин презентациясы да ансыз өтмөй болду. Текебаев №47 колониядан которулуп, учурда Улуттук кардиология борборунда дарыланууда.

Ал арада экс-президент Роза Отунбаева Текебаевди бошотуу боюнча президентке кайрылуу катын жазып, аны Жогорку Кеңештин алты фракциясы колдошту.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев 2017-жылы «Коррупция» беренеси боюнча партиялашы, мурунку ӨКМ Дүйшөнкул Чотонов менен бирге камалган. Бирок тарапташтары алардын камалышын саясий куугунтук катары баалап, аларга каршы көрсөтмө берген орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин жалданма аферист экенине ишендиришүүдө.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM