Биз менен байланышыңыз

Чолпонбаев: Ырайым бирөөлөрдүн өтүнүчү менен берилбейт

Пикирлер | 26 Дек 2018 | 609 | 0

Парламенттеги фракция лидерлери ырайым берүү өтүнүчү боюнча бир гана Өмүрбек Текебаевге эмес саясий куугунтук менен камалган жалпы 14 кишиге кол коюп берсе, президент үчүн чечим кабыл алуу жеңил болмок. Бул тууралуу КРнын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаев сотторду өзүнө баш ийдирип, 14 адамды саясий куугунтук менен камаганы далилденсе, алардын (камалган 14 саясатчылар) баарына ырайым берилет. Бирок бул укуктук эмес саясий чечим болот.

«Мен Текебаевдин мыйзам негизинде абактан чыгышын калаайм. Бир саясатчы үчүн мыйзам бузуу — туура эмес. Бирок президент саясий чечим чыгарса болот. Парламенттеги фракция лидерлерине кайрыларым, калган 13 адамга дагы ырайым берүү өтүнүчү боюнча кол коюп беришсин. Элдин тилеги саясий куугунтук менен камалгандардын баарына бирдей болушу керек. 14 адамдын абалы баары бирдей, сот аларга чечимди токуп чыгарып койгон», — Чолпонбаев.

Ал соттолгон адам күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сураганда гана президент ырайым көрсөтө аларын белгилейт.

«Ырайым алыш үчүн соттолгон адам жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөшү керек. Президент бардык саясий туткундарды бошотсун деп жатам. Бул жерде Текебаевди актоо жөнүндө сөз болгон жок. Анын күнөөсүз экенин жаңы ачылган жагдай боюнча бир гана сот аныктайт. Эгер Текебаев өзү арыз жазып ырайым сураса, мыйзам бузулбайт. Бирок абактагылар өздөрүн күнөлүү деп эсептейт. Андыктан саясий чечим менен баарын чогуу чыгарса туура болмок. Президенттин бир адамды тандап алып ага ырайым бергени — туура эмес. Ырайым бирөөлөрдүн өтүнүчү менен берилбейт», — дейт Чолпонбаев.

Эске салсак, экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. Мындан сырткары Отунбаева парламенттеги фракция лидерлерин да бул демилгеге кошулууга чакырган. Фракциянын лидерлери Отунбаеванын президентке жазган кайрылуусун колдошкон.

Copyright © 2017 Maral FM