Биз менен байланышыңыз

Тюлегенов: Мамлекеттик мекемелер коомчулук менен жакшы иштей баштады

Пикирлер | 25 Дек 2018 | 591 | 0

Саясат таануучу Медет Тюлегенов “Марал” радиосуна берген маегинде жыл соңун утурлай ажолордун ортосундагы чыңалуу азайып бара жатканын билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков тышкы саясатта мурунку президенттин айрым каталарын оңдоп кеткен. Коңшу өлкөлөр менен жаңы багытта мамиле уланууда.

«Маданият тарамагында кызыктуу нерселер болуп жатканын айтуу кыйын. Акыркы убакта Маданият министри тойлордун универсалдуу сценарийин сунуштап жатат. Бирок салттарды өзгөртүү кыйын. Бизде демократия бар. Андыктан искусствого өгөртүүлөрдү жасашса жакшы болмок», — дейт Тюлегенов.

Ал үстүбүздөгү жылы да мурдагы аракеттер улантылганын белгилейт.

«Мурда башка адамдарды сөз кылсак, азыр башкаларды талкуулайбыз. Мисалы, мурда «Ата Журт», «Ата Мекен» жакпаса, аларды отургузуп койчу, азыр эми экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адамдары жакпай, аларды отургузуп жатабыз. Адамдар талаптарды көп коё баштагандай өңдөнөт. Мамлекеттик мекемелер дагы коомчулук менен жакшы иштей баштады», — дейт саясат таануучу.

Copyright © 2017 Maral FM