Биз менен байланышыңыз

Бишкектин жолдорун оңдоо коомдук талкууга коюлат

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 664 | 0

Бишкектин жолдорун ондоп-түзөө боюнча бардык долбоорлор коомдук талкууга коюлат. Бул тууралуу шаар жетекчилиги маалымдады.

Мэриянын билдиришинче, Капиталдык курулуш башкармалыгы  жакынкы аралыкта күтүлгөн унаа жолдорун оңдоо жана башка жолго байланышкан иштердин долбоорлорун коомдук талкууга коюуну сунуштаган.

Демилгечи топ Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү долбоорундагы 60 иштин экинчи фазасындагы ар бирин карап чыгат. Топко долбоорчулар жана жолчулар менен бирге шаардык кеңештин депутаттары, инженердик кызматтын, муниципалдык администрациянын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү киришкен.

Кошумчалай кетсек, алгачкы беш долбоор ушул аптада каралмай болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM