Биз менен байланышыңыз

«Сары кемселчендер» эми Израилде

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 565 | 0

«Сары кемселчендердин» нааразылык митинги эми Израилде күч алды. Алар электр энергиясына, сууга жана азыктарга болгон баалардын көтөрүлүшүнө каршы чыгышууда. Бул тууралуу Би-би-си жазды.

Тель-Авив, Иерусалим, Хайф жана Эйлаф шаарларында көчөлөргө чыккан эл коррупцияны, монополияны токтотууну талап кылышууда.

Акцияны оңчул-солчул дебестен коомдун ар түрдүү катмарларынан колдошту. Алар «Оңчулдарга да, солчулдарга да жашоо кымбат болууда!» деген лозунгдарды көтөрүп чыгышкан.

Жакынкы Чыгыштагы Египет, Ливан жана Иордания сыяктуу өлкөлөр менен бирге 14-декабрда башталган Иерусалимдеги акциянын 10 катышуучусу коомдук тартипти бузганы үчүн кармалышты.

Израиль бийлиги бааларды көтөрүүнү токтотууну караарын билдирди.

Эске салсак, «сары кемселчендер» нааразылык акциялары ноябрь айында Францияда башталып, Европанын бир нече өлкөсүндө тутанып, уланып жаткан чагы. Алардын көпчүлүгү коммуналдык кызматтардын, күйүүчү майдын жана тамак-аш азыктарынын кымбатташына жана коррупцияга каршы чыгышууда.

Copyright © 2017 Maral FM