Биз менен байланышыңыз

Гульнур Асанова: Биринчи алган гонорарым 1 чака жарма болгон

Кезектеги «Желе шоу» программабыздын коногу убагында «Туңгуюк»,»Күзгү жалбырак» жана башка тасмаларда роль жаратып атактуу болгон, таланттуу ырчы жана актриса Гульнур Асанова болду. Ал эфир учурунда кызыктуу маек куруп берип, кинодон эң алгачкы гонорарына бир чака жарма алганын кошумчалап, төмөнкүлөргө токтолду.

-Мен ошол «Туңгуюк» тасмасына тартылган убакта ушунчалык шок кыз болчумун. Капкара, чаңга ойногон эркектей болуп ойногон кызмын. Ал убакта жарманы ушунчалык жакшы көрүп ичер элем. Ошол киного тартылып жатканда апам мага бир чака жарма жасап берген, анан кино тартылып бүткөндөн кийин мага сапсары сонун куртка алып бергени эсимде. Ошолор менин эң алгачкы унутулгус, жугумдуу, жакшы элестерди калтырган гонорарым деп айта алам.

-Туңгуюк тасмасына тартылып жатканда 5-6-класс болчумун. Негизи элге биринчи актриса болуп таанылып, андан кийин ырчылык кесипти аркалап калдым. Атайын жогорку билимди профессионалдык түрдө алдым. Ошол актриса болуп аткарып жүргөндө, режиссёр «мен ушул убакытка чейин ушунча кино тартып, бир дагы сендей табигый актрисаны көргөн эмесмин. Ушундай жасалмасыз өзү эле ыйлап, бир ролду ийинине жеткире аткарганды биринчи жолу көрүшүм», — деп мени мактап алкыш сөзүн айткан. Мага бул кудайдан берилген талант экен мен буга шүгүр кылам», — дейт ырчы, актриса Гульнур Асанова.

Copyright © 2017 Maral FM