Биз менен байланышыңыз

Деңизде калып кеткен 300 мигрантты Испания кабыл алды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Дек 2018 | 684 | 0

Тынч океанда калып кеткен үч кайыктагы мигранттарды Испаниянын деңиз куткаруу кемеси топтоп, эң жакындагы Италия жана Мальта өлкөлөрүнүн портторуна жеткирүүнү көздөгөн, бирок экөө тең кабыл алган жок. Мальта кемедеги жаңы төрөлгөн ымыркай менен апасын гана тик учак менен алып кетип, калганына Испаиния портун ачты.

Бийликке келгенден бери мигранттарга эшигин жапкан Италиянын ашкере оңчул өкмөтүнүн мүчөсү, Ички иштер министри Маттео Салвини: «Жообум өзгөрбөйт. Италиянын эшиктери жабык!»,-деп жазды Твиттер баракчасынан.

Бирок кеме Испания жээгине 5-6 күндө жетет. Куткаруу кемесин иштеткен «Proactiva Open Arms» компаниясы Твиттер баракчасынан абалды түшүндүрдү:

«311 киши 24 сааттан бери кемеде. Аба ырайы өтө суук. Эки гана даараткана бар, жууркан жана дары-дармек жетишсиз. Эгер деңизде толкун башталса кемеге суу кирет. Ар бир мүнөт азап. Ушинтип жаңы жыл тосуудабыз».

Белгилүү христиан дин аалымы Алекс Занотелли: «Жаңы жыл учурунда портторду жаап коюу каапырлык! Мындай өлкөм жана ушундай өкүмөтүм бар экенине арданам!»,-деп билдирди.

Папа Франческо болсо Базар күнкү ибатад дуасында мигранттарга кайрылып: «Урматту бир туугандарым! Христиан болсо да, болбосо да Жаңы жылда христиан коомунун эшиктери барыңарга ачык»,-деди.

Open Armsтын негиздөөчүсү Оскар Кампс болсо Сальвиниге Твиттерден кайрылып: «Сальвини, жашоодогу бардык нерсе сыяктуу сенин бийлигиң да соңуна чыгат. Бирок ушуну унутпа, бир нече убакыттан кийин сенин балдарың, неберелериң сенин кылган ишиң үчүн уялышат!», деди.

 

Copyright © 2017 Maral FM