Connect with us

АКШ Сирияны Түркияга табыштадыбы?

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Дек 2018 | 703 | 0

АКШ күч түзүмдөрүнүн Сириядан чыгарылышы тууралуу документке кол коюлду. Аны Пентагондун мурунку жетекчиси, отставкага арыз берген Жеймс Мэттис койду. Эми америкалык аскерлер бир нече аптанын ичинде Сирияны таштап чыгып кетишет. Бул кадамын Вашингтон Сириядагы мүдөөсү болгон ИШИМ террордук тобун жеңгени менен түшүндүрдү. Ал эми террористтердин калдыктары менен күрөшүүнү Түркияга табыштаганы тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп туркиялык кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшкөнүн тууралуу билдирүүсүндө белгиледи.

Аны түрк ажосу да тастыктады.

«Биз соода-экономикалык кызматташтык жана Сириядагы орток кызыкчылыктарыбыз тууралуу сүйлөштүк. Буга чейин Трамп мырза Сириядагы ИШИМ тобу менен курөштү улантарыбызды суранган болчу, мен макул болдум»,-деп билдирди Эрдоган өзүнүн Твиттер баракчасынан.

Эске салсак, Сирияда Американын 2000ге жакын аскери бар болчу. Ал эми Түркиянын бир нече аймакта аскердик бөлүктөрү жайгашкан. Түрк куралдуу күчтөрү аймакта террордук топ деп санашкан РККнын шериги делген Сирия деократиялык партиясын (SDP) түзгөн күрд аскердик топтору менен күрөш жургүзүшкөн, бирок ага буга чейин америкалыктардын күрддөрдү колдогону тоскоол болуп келген.

Copyright © 2017 Maral FM