Биз менен байланышыңыз

Кышында жөө жүргөндө абайлаңыз. (кеңеш)

Кыска кабар | 22 Дек 2018 | 1012 | 0

Бишкек шаарында 4 күндүн ичинде жолдо тайгаланып, жаракат алып, травма бөлүмүнө кайрылгандардын саны 42ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Анда эң тайгалак жерлер жөө жүргүнчүлөр баскан жолдор, тепкичтер жана дүкөн же имараттын кире бериши экенин айткан. Министрлик тайгаланып, денеге зыян тийгизбөө үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайт:

-Жөө жүргөндө бутту жерден бийик көтөрбөө керек. Лыжа тээп бараткандай кыймылда басуу сунушталат.

-Таманы түз, сыйгалана турган бут кийимди кийбеңиз.

-Басып бара жатканда колуңузду чөнтөккө салбаңыз, кокус кулап кетсеңиз денеңизге зыяны оор болушу мүмкүн.

-Муз түшүүсү мүмкүн болгон чатырлардан алыс басыңыз.

-Кош бойлуу айымдарга көчөгө жалгыз чыгуу сунушталбайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM