Биз менен байланышыңыз

Дарыгердин жасаган корс мамилеси интернетке тарап, кызматтан алынды

Кыска кабар | 22 Дек 2018 | 891 | 1

Сузак районунун Благовещенка айылынын үй-бүлөлүк дарыгери интернетке тараган видеодогу корс мамилеси үчүн кызматтан алынды. Бул  тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин тапшырмасы менен Сузак районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында А.Э. аттуу педиатр кызматтан алынган.

Ошондой эле борбордун башка кызматкерлерине да түшүндүрүү иштери жүргөн.

Эскерте кетсек, социалдык тармакка балдарын алып келген ата-энелерге корс мамиле кылып, оорулууларды кабыл албай жаткандагы тасма тараган болчу.

Жалал -Абад шаарындагы БЕСПРЕДЕЛ!Өз ишин аткарбай ооруган жаш баланы кабылдабай койду!

Опубликовано Nurlan Toktosunov Пятница, 21 декабря 2018 г.

1 пикир

1 пикир

  1. Chyngyz

    22.12.2018 22:44

    Eki taraptuu karabai..kunoonu vra4ka koiuwtu jakwy bilebiz.. vra4ka patsienttin mamilesin korup atasynarby..kim owondoi bolnoigo kyzmat kylgysy kelsin..((( birin4iden adam bololu..

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM