Сузак районунун Благовещенка айылынын үй-бүлөлүк дарыгери интернетке тараган видеодогу корс мамилеси үчүн кызматтан алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Министрликтин тапшырмасы менен Сузак районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында А.Э. аттуу педиатр кызматтан алынган.
Ошондой эле борбордун башка кызматкерлерине да түшүндүрүү иштери жүргөн.
Эскерте кетсек, социалдык тармакка балдарын алып келген ата-энелерге корс мамиле кылып, оорулууларды кабыл албай жаткандагы тасма тараган болчу.