Биз менен байланышыңыз

Депутат Жанар Акаев алгачкы макаласы тууралуу

Пикирлер | 22 Дек 2018 | 836 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Марал” радиосуна берген маегинде гезитке жарык көргөн алгачкы макаласы жана «Карапайым эл» окуясы тууралуу айтып берди.

Акаев: Интернетти аябай жактырып калдым. 2004-жылы Алайдан Ош шаарына жаңы келгенимде балдар Google деген нерсе бар экенин айтып калды. Бир күнү интернет кафеге кирип 5 саатка акча төлөдүм. Американын президенти, орус лидери Владимир Путин тууралуу маалыматтарды издедим. Ошентип үйгө таң атканда кеттим. Мектепте кыргыз тили мугалимимдин «спорт боюнча коментатор болсоң болот» деген сөзүн эстеп, футболчу Роналдиньо Зубастик тууралуу маалыматтарды чыгарып алып кыргызча котордум. Гезитке «Роналдиньо — дүйнөнүн мыктысы» аттуу макал жаздым. 2000 нуска менен чыккан гезиттин акыркы бетинде Роналдиньонун топ тээп чуркап бара жаткан сүрөтү турат. Макаланын соңуна: «Даярдаган: Журналистика бөлүмүнүн 1-курсунун студенти Жанар Акаев» деп жазып коюптур. Мен гезитке атым чыкканына сүйүнүп, тим эле толкунданам… Оюмда «болду эми популярдуу болуп кеттим» дедим. Гезитти алып сумкама салдым. Редакциядан чыкканымды камерага тарткан эч ким жок… Башты көтөргөм, басканым да бираз өзгөрүп калган. Чыгып «кыздар кандайсыңар» деп группалаштарга сөзүм да өзгөрүп, каадалуу саламдашып калдым. Троллейбуста баратып үйдөгүлөргө жете албай койдум. «Фамилиям ордунда эле турат бекен» деп гезитти элге көрсөтпөй акырып алып чыгып карап «а, турат» деп коём (күлүп). Бир жумадай жылдыз оорусу менен ооруп жүрдүм. Көчөдө басып бара жатып «аялдамада тургандар да гезит окуса керек, булар да мени окушту» деп карап коём. Ошентип которуп жазып жүрүп такшалдым.

«Карапайым эл» окуясы тууралуу

Айылда окуп жүргөндө жайында көбүнчө баскетбол ойночубуз. Бир майрамда агайыбыз «эки тайпага бөлүнүп, өзүңөргө ат койгула» деп калды. Мен тайпага элдер кошпой койгон, сабакты начарыраак билген балдарды аралыштырып тандап, аларга дем берейин деп жалаң карапайымдарды чогулттум. Тайпабыздын атын «Карапайым эл» деп койдум. Бул атты койгонум өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу болду окшойт деп ойлойм. Анткени эң чоң абам мектептин директору болчу. Баарыбыз гезит, журналга жакын элек. «Шаардан гезит ала келчи» деп эртең менен айдоочуларга акча беришчү. Ошондо мен гезитти барактап, Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Адахан Мадумаров сыяктуу саясатчыларды тааныдым. Ошентип жүрүп саясатка окуучулук кезден кызыгуу жаралды окшойт.

Copyright © 2017 Maral FM