Биз менен байланышыңыз

Мусулмандардын укугу бузулганын айткан имам Өзбекстандан чыгып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2018 | 761 | 0

Ташкенттин Юнусобод районундагы «Омина» мечитинин мурдагы имамы Фазлиддин Парпиев өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу ал 19-декабрда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирutyby Centralasian сайты жазды.

Имамдын айтымында, анын мындай кадамга баруусуна шаардык прокуратуранын социалдык түйүндөргө «саясий билдирүүлөрдү» жайгаштырууга тыюу салынгандыгы тууралуу эскертүүсү себеп болгон.

Быйыл 7-сентябрда Парпиев өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге видеокайрылуу жасап, укук коргоо органдары жарандардын дин тутуу укугун бузуп жатканын айткан. Анда имам милиция кызматкерлерин сакалчан мусулмандар менен хижаб кийген аялдарга басым жасоого айыптаган. Анын ал имамдыктан кетирилген.

Туугандарынын айтымында, Фазлиддин Парпиев 17-декабрда Сауд Арабиясынан Ташкентке келген. Эки сааттан кийин анын үйүнө жергиликтүү милициянын терроризмге каршы күрөшүү болүмүнүн кызматкерлери келип, суракка алып кетишкен.

Ташкент шаардык прокуратурасында сурак берип чыккандан кийин Парпиев жубайы жана эки баласы менен Казакстан аркылуу өлкөдөн чыгып кеткен. Туугандары сурак маалында андан социалдык түйүндөрдө активдүүлүгүн токтотушун талап кылышканын айтышууда.

Copyright © 2017 Maral FM