Биз менен байланышыңыз

Президент: Азыр сотторго жогору жактан аралашуу жок

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 506 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бийликтин ар бир бутагы өз алдынча иштеши керектигин, буга шарт түзүлүп жатканын айтты. Журналисттерге берген маегинде парламент да өз алдынча иштеп баштаганын билдирди.

-Сотко, аппаратка да айттым. Өкмөткө да “арабаңарды өзүңөр айткыла” дегем.  Азыр соттор өзү чечсе да, жогору жакка шилтейт. Жогору жак азыр аларга эч нерсе дебейт. Ар ким өзү жооп бериши керек.

Азыр эл арасында сот туура чечсе, Жээнбеков жакшы, туура эмес чечсе, президент жаман деген көз караштар бар экенин белгиледи. Мамлекет башчы соттордун ишине аралашпай турганын да айтты. Орусияда жүргөн Өмүрбек Бабанов тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

-Бабанов саясаттан кеттим деп өзү айткан. Кетип-кетпешин өзү чечет, бирок ошентип айткан. Ага иш менин убагымда козголгон эмес. Менде саясий оппонент да жок. 6 жылда баарына шарт түзүп, андан кийин эл арасында эле жүргүм келет. Кеткенден кийин мен акыл үйрөтүп, кийинки президентти башкарайын деген оюм жок,-деди президент.

Copyright © 2017 Maral FM