Биз менен байланышыңыз

Президент: Соттор бийликке ишенимди кетирүүдө

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 485 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерге берген маалымат жыйынында  бийликке болгон ишенимди эң алгач соттор кетирип жатканын билдирди.

Анын айтымында, учурда соттордун көз карандысыздыгын камсыздоо боюнча иштер алып барылууда.

«Сот, укуктук реформаны баштадык. 2019-жылдан тарта жаңы кодекс жана мыйзамдар ишке кирет. Бул боюнча түзүлгөн жумушчу топ иштер кандай жүрүп жатканын карап региондорду кыдырып жүрөт. Тоок урдагандар камалып, миллиондорду уурдагандар эркин жүрөт дегендер токтошу керек. 8-9 жылдап соттошуп жүргөн адамдар бар. Ага көп чыгым кетет. Айрымдар суракка алынбай камакта жатат», — дейт президент.

Өлкө башчы маалымдагандай, кылмыш иштеринин бирдиктүү реестри түзүлөт. Кылмыш иш ачылган күндөн тарта соттун чечими чыкканга чейин көзөмөлгө алынат. Мунун арты менен укук коргоо органдарын мыйзамсыз иштери жоюлат.

Copyright © 2017 Maral FM