Биз менен байланышыңыз

Президент: «Кумтөр» кандай талаш болсо дагы иштеши керек

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 639 | 0

«Кумтөр» кандай талаш болсо дагы иштеши керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда өкмөт «Кумтөр» боюнча 2017-жылдын сентябрь айында кол коюлган стратегиялык келишимди жакшыртуу боюнча иштеп жатат.

«Жылыштар бар. Өкмөт башчы менен дагы сүйлөштүм. Саясат «Кумтөргө» таасирин тийгизбеши керек. Бул ишкана жылына 9 млрд  сомго жакын салык төлөйт. Андыктан «Кумтөр» иштеши керек. «Кумтөр» меселеси боюнча бир топ коммиссия түзүлүп, бирок жакшырбай жаткан. 2009-жылдагы бийлик стратегиялык келишим түзүп, аны өкмөт да, парламент да, сот бийлиги да бекитип берген. Ошол кездеги президент ага кол койгон. Кайсы сотко барбайлы буга маани берет. Соттошуу оңой, бирок «Кумтөрдүн» келдечеги кандай болот?» — дейт өлкө башчы.

Жээнбеков, өлкөгө келген түз инсвестициянын көлөмү 31 пайызга төмөндөгөнүн айтып, инвесторду тартып келүү татаал иш экенин белгиледи.

«Чаткалда, «Макмал» кениндеги чырларды башка инвесторлор дагы угат. Вице-премьер-министр форумга барып, ишкерлерге Кырызстанга барбагыла деп жатса ким келет? Сырттан түз инвестиция алып келмейинче экономиканы көтөрүү оор. Насыя акча  алуу оңой, ал миллиарддап келет. Бирок түз инвесторду алып келүү оор. Аны баалашыбыз керек», — дейт Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM