Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБ аймагына жүк менен кирүү татаалдашат

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 506 | 0

2019-жылдын 1-январынан тарта Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагына киргендер жанындагы товары миң евродон ашып кетсе бажы алымын төлөөсү керек болот. Бул тууралуу Интерфакс маалымдады.

Маалыматка ылайык, 1-январдан тарта авиатуристтерден тышкаркы жүргүнчүлөр жанында баасы миң евродон жана 50 кгдан ашпаган жүк менен алымсыз кире алышат. Андан ашкан жүк үчүн баасынын 30%ын бажы алымына төлөйт. Ал эми туристтерге 10миң евролук 50 кг дан ашпаган жүк менен кирүүгө уруксат.

Бул чара мыйзамсыз чекене сооданын алдын алуу максатында колдонулат.

Ошондой эле бажы алымысыз кирүүгө уруксат берилген сумма азайып олтуруп 200 еврого чейин түшөөрү пладалууда.

Эске салсак, ЕАЭБ 2015-жылдан бери иштеп келүүдө. Анын аймагына Орусия, Беларусия, Армения, Кыргызстан, Казакстан мамлекеттери кирет.

Copyright © 2017 Maral FM