Биз менен байланышыңыз

Майкл Флинге сот өкүмү чыккан жок

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 647 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамптын мурунку кеңешчиси, бир нече кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан Майкл Флинге сот кечээ өкүм чыгармак, бирок айыпталуучунун бере турган көрсөтмөлөрү бар экенин эске алып, ал артка жылды.

2016-жылдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсүнө ортомчулук кылууга, Америкада жашаган дин аалымы Ф.Гүленди түрк бийлигине уурдап берүү аракетине жана бийликке жалган маалымат берип, чындыкты жашыруу кинелери боюнча соттолуп жаткан Майкл Флин бере элек дагы маалыматтары бар экенин айткан.

Анын тергөө ишине жардам берип, маанилүү маалыматтарды бөлүшкөнү үчүн бул ишти карап жаткан атайын прокурор Роберт Мюллер соттон аны эркинен ажыратпай, жеңил жаза берүүсүн суранган.

Эске салсак, 2016-жылдагы президенттик шайлоого Орусия тараптан кибер чабуулдар менен кийлигишүү болгону айтылууда. Ошол кездеги талапкер Трамптын шайлоо өнөктүгүн жетектеген Майкл Флин АКШдагы орус элчиси Сергей Кисляк менен бир нече ирет жолугушканы маалым болгон соң, орус тарап Трамптын пайдасына кийлигишкени божомолдонууда. Бирок мындай жоромолду Кремль дагы, Вашингтон дагы четке кагууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM