Биз менен байланышыңыз

Разаков: Кыргызстанда жасалма интеллектти пайдалануу ишке ашырылууда

Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 845 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Алматы шаарында өтүп жаткан «Digital Almaty: глобалдык экономиканын санариптик келечеги» эл аралык форумуна катышты. Бул туралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министрдин айтымында, Кыргызстанда жасалма интеллектти пайдалануу ишке ашыруу стадиясында.

«Жасалма интеллектти колдонуу маалыматты башкаруу чөйрөсүндө иштелип жатат. Анткени көлөмдүү маалыматтар маанилүү роль ойнойт, өз алдынча өздөштүрүү алгоритмдерин киргизүү талап кылынган маалыматты натыйжалуу табууга шарт түзөт. Жалпысынан алдыңкы технологияларды түзө турган компаниялар үчүн жайлуу жана коопсуз шарт түзүүнү камсыз кылуу биздин негизги милдеттерибизден болуп саналат», — деди ал.

Жеңиш Разаков белгилегендей, жасалма интеллект жана ири маалыматтарды иштеп чыгуу, жалпысынан, санариптештирүү темасы Кыргызстан үчүн актуалдуу.

«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана көмүскө экономика менен күрөшүү максатында товарларды маркировкалоо пилоттук долбоору аяктаганы турат. Бул келечекте товарларды текшерүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM