Биз менен байланышыңыз

Нияз Абдразаков: Олуттуу ырларды ырдаганга өттүм

«Желе шоу» программабыздын бул жолку коногу эстрада ырчысы Нияз Абдразаков болду. Ал учурда олуттуу ырларды ырдоого өткөндүгүн айтып, биздин куттуу студиябызда кызыктуу маек куруп берди.

«Кийинки убакта убакыт өткөн сайын «даңк-дуңк» ырларды ырдаганды токтотуп, учурунда жаштык кылып ырдап койгон ырларды ар кандай радио телеканалдардан алдырып атам. Ушул акыркы жылдардан бери олуттуу ырларды ырдаганга өтүп атам. Себеби дин жагынан дагы сабак алып, жашоо өткөн сайын аркаңды узун таштап, ойлонуп калат экенсиң. Өзүңдүн ырларың менен коомчулуктун ,күйөрманыңдын оюн тазартып, өзгөртө аларыңа ишендим. Андыктан мындан кийин Кудай буюрса, эне жөнүндө, дин жөнүндө ырларды жаздырып атам. Мындан ары да жаздыра бермекчибиз. Клиптерди да ошого ылайыктап тарттырам. 

Ал эми азыркы ырчыларга сөзсүз аракет керек деп ойлойм. Токтобой аракеттенип эмгектениш керек. Эң башкысы, коркпош керек. Кээбир ырчылардын таланттары бар, бирок көр нерседен коркуп кээбир кадамдарга барбайт. Анан жоголуп кеткен да ырчылар бар. Бир ырды жаздырып эле жок болуп кетишет. Мен айтар элем, эгер талантыңар болсо, коркпосок, эмгектенсек, салмактуу ырларды коомчулука тартууласак дейм. Мисалы мен казакстандык ырчылар менен иштешем, атактуу эле ырчыларга обон чыгарып аранжировка жазып берем. Алар кыргыз эли аябай таланттуу аябай эмгекчил келесиңер деп көп айтышат. Ошол нерсе мени аябай шыктандырат», — дейт ырчы мырза Нияз Абдразаков.

Белгилей кетсек Нияз Абдыразаков — белгилүү эстрада ырчысы Ильяз Абдразаковдун бир тууган иниси.

Copyright © 2017 Maral FM