Биз менен байланышыңыз

Калилов коррупциялык иштен үч ай мурда кабары болгону айтылды

Кыска кабар | 18 Дек 2018 | 926 | 0

Мурунку Транспорт министри Жамшитбек Калилов министрликтеги коррупциялык иштерден кабары боло туруп, көңүл бурган эмес. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматынын жетекчиси Сагынбек Исмаилов укук коргоо, фискалдык жана көзөмөл органдарынын 18-декабрдагы координациялык кеңешмесинде билдирди.

Анын айтымында, ал үч ай мурда министр Калиловго түзүмдөгү коррупциялык иштердин байкалганы тууралуу кабарлаган. Бирок Калилов ага көңүл бөлбөй, тиешелүү чараларды көргөн эмес.

«Эгер министр алдын ала чараларды көрүп, абалды көзөмөлүнө алганда мындай чоң коррупциялык иш болмок эмес. Менимче бир гана министрдин орун басарынын жоопко тартылышы туура эмес. Анткени ар ким мындайда өз үлүшүн алып калганга аракет кылат да. Мындай фактылар ар бир эле ведомстводо катталып жүрөт»,-деди Исмаилов.

Эске салсак, декабрдын башында Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар алган жеринен кармалган. Ал мындай сумманы өзү жетектеген тендерди италиялык компаниянын пайдасына чечип берүү үчүн алган. Бул үчүн макулдашылган паранын жалпы суммасы 520 миң АКШ долларын түзгөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM