Биз менен байланышыңыз

Эл өкүлү: Криминалдык топтор мекендештердин иштешине мүмкүнчүлүк бербейт

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Дек 2018 | 812 | 0

Президентке караштуу чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин түзүлүшү мамлекеттин мигранттарга болгон саясатынын өзгөрүшү. Аталган кеңеш формалдуу болуп калбашы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Мекендештер менен байма-бай жолугуп турганын айткан Касымалиева алардын абалы көп өзгөрбөгөнүн белгилейт. Анын билдиргенине караганда дагы эле укуктук маселелер, ара жолдо калып калган мигранттар көп. Ошол эле кезде бутка туруп Кыргызстанга инвестор болууну каалагандар да бар.

«Жогорку трибунадан «мигранттарга жардам берилет» деп айтылат. Бирок алар Кыргызстанга келсе жергиликтүү криминалдык топтор, акимдер иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк бербейт. Жерлер трансформация кылынып, инвесторлорго шарт түзүлгөн жок. Инвесторлордун Өзбекстанга кетип жатканы кейиштүү», — дейт Касымалиева.

Эл өкүлү Миграция кызматынын ишине канааттанбай турганын билдирди.

«Орусияда, Казакстанда абал оор. Миграция кызматында бюрократия көп. Документин жоготкон мигрант аталган  агенттикке кайрылса жарытып жооп беришпейт. Облустарда агенттиктин өкүлчүлүгү жок. Миграцияда жүргөндөр ден соолугун жоготууда, үй-бүлөлөр бузулууда. Кыргызстанда да жумуш көп. Бирок мен кара жумуш жасабайм деп намыстанабыз. Орусияда кыйналып жашоонун эмне пайдасы бар? Бизде Орусияда жакшыраак экен деген ой сиңип калган. Ошону өзгөртүү зарыл«, — дейт эл өкүлү.

Белгилей кетсек, 18-декабрь мигранттардын эл аралык күнү. 1990-жылы БУУнун башкы ассамблеясы эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо боюнча эл аралык конвенцияны кабыл алган. Ал эми 2000-жылы эл аралык мигранттын майрамы негизделип, жыл сайын 18-декабрда белгилөө жөнүндө токтомго кол коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM