Биз менен байланышыңыз

Президент: Мекендештер мамлекеттер аралык байланышты бекемдөөгө зор салым кошууда

Кыска кабар | 2 Авг 2019 | 460 | 0

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков катышкан президентинин алдындагы чет жактардагы мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышы аяктады.

Президент мекендештерге мамлекеттер аралык байланышты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өлкө башчысы жыйында айтылган ар бир маселе, сунуш кароого алынарын, буга өзү жеке көзөмөл жүргүзөөрүн убада кылды.

Биздин мамлекеттик саясат чет жактарда жүргөн мекендештерибизди колдоого жана алардыын мекенине кайра келүүсүнө шарт түзүүгө багытталган. Ар бир кыргызстандык Мекенине кайта келүүгө толук укугу бар. Биз алардын эч бир тоскоолдуксуз кайтышына шарт түзүшүбүз зарыл”, — деди өлкө башчысы.

Жыйында “Чет жактардагы мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы талкууланды. Мындан сырткары “Мекен-Карт” улуттук демилгесин, “Мекеним” программасын киргизүү маселелери каралды.

Мекендештер да өз көйгөйлөрүн, сунуштарын ортого салышты. Айрым өлкөлөрдөгү консулдуктардын санын көбөйтүү, элге билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүүгө ниеттенген мекендештер үчүн шарттарды түзүп берүү сунуштары айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM