Connect with us

«Өкмөт мигранттардын алдында ийилип кечирим сурашы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Дек 2018 | 1221 | 0

Өкмөт мигранттардын алдында ийилип кечирим сурашы керек. Бул тууралуу “Замандаш” коомдук фондунун төрагасы Жеңиш Молдокматов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөт жалпы элге ата да, эне да болушу зарыл. Бирок бүгүнкү күндө чет элдеги мекендештер ата-эненин ролун аткарып, өкмөт «эрке балага» айланып кеткен.

Миграциялык агымды бир дагы мамлекет токтото албайт. Япония сыяктуу мамлекеттер аталган агымды туура пайдалануу менен өлкө экономикасын көтөрүүдө. Ал эми кыргыз өкмөтүнүн мигранттардан которулган каражат көбөйгөнүн айтып сүйүнгөнү туура эмес.

«Мекендештер үчүн инвестициялык фонд түзсөк болот. Мигранттар өкмөткө бир нече жолу сунушун берди. Алар жер бөлүп берсеңер, жумуш орундарын түзөлү дейт. Бирок өкмөт салыкты эки жарым пайызга көтөрүп койду. Азыркы өкмөт менен «Мекен картты» киргизүү оор. Миграция боюнча орчундуу делген социалдык төлөмдөр, пенсиялык фонд жана башка маселелер бар. Миграцияны жакшы нукка салуу үчүн өкмөт тарнсулуттук компаниялар менен келишим түзүшү керек. Андан сырткары жигердүү жаштарды универсиеттерге окутуу зарыл», — дейт Молдокматов.

Анын билдиргенине караганда, учурда Кыргызстандын 1 миллионго жакын жараны Орусияда жүрөт. Алардын 640 миңи Орусиянын жарандагын алып алган. Алар Кыргызстанда келсе чет өлкөлүк катары мамиле көрүшөт. Андыктан «Мекен карт» маселесин кыска аралыкта чечүү зарыл.

Молдокматов буга кошумча кытайлар Кыргызстандын базарларында, жол курууда жана башка тармактарында иштеп жатканын айтып, алардын жумуш ордун кыргыздарга берүү зарыл экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, 18-декабрь мигранттардын эл аралык күнү. 1990-жылы БУУнун башкы ассамблеясы эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо боюнча эл аралык конвенцияны кабыл алган. Ал эми 2000-жылы эл аралык мигранттын майрамы негизделип, жыл сайын 18-декабрда белгилөө жөнүндө токтомго кол коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM