Биз менен байланышыңыз

Башкы Ассамблея Крым боюнча резолюция кабыл алды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Дек 2018 | 808 | 0

БУУнун Башкы Ассамблеясы Украинанын Крымдын Орусия тараптан басып алынышы боюнча сунуштаган резолюциясын кабыл алды. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазышты.

Резолюцияда БУУ Орусиянын Крымдын тегерегиндеги агрессивдүү аракеттеринен жана акырындык менен аймакты басып кирүүсүнөн тынчсызданганын билдирип, Москваны бул аракеттерин токтотууга чакырды.

Ошондой эле документте орус аскердик күчтөрүнүн аймакта активдүү аскердик машыгууларды өткөрүп жатканы жергиликтүү калктын коопсуздугуна жана экологиясына зыяндарды алып келгендигин эскертет.

Аталган резолюцияга 66 мамлекет макул болсо, 19 өлкө каршы добуш берди, ал эми 72 мүчө калыс пикирин билдиришти. Кыргызстан менен Казакстан калыс болгондордун арасында болсо, Өзбекстан, Армения, Беларусия сыяктуу постсоветтик өлкөлөр Орусияны колдоп, резолюцияга каршы добуш беришти.

Эске салсак, Крым 2014-жылы Украинадан бөлүнүп, референдум жолу менен Орусияга кошулган. Буга Украина жана башка батыш өлкөлөрү каршы болушуп, муну Орусиянын баскынчылыгы катары сыпатташууда. Бул окуянын айынан батыш Орусияга бир катар ири саясий-экономикалык санкцияларды киргизген.

Copyright © 2017 Maral FM