Биз менен байланышыңыз

Мамлекетке катталбаган мүлктөр аныкталды

Кыска кабар | 17 Дек 2018 | 550 | 0

Кыргыз чиновниктеринин декларациясында Мамлекеттик каттоо кызматынын(МКК) базасында жок мүлктөр жазылган. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Искендер Асылкулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында ушул жылдын 1-декабрына карата 319 декларацияда  МКК менен шайкеш келбеген жагдай аныкталган. Салыкчылар жалпысынан 1101 жогорку макамдагы мамлекеттик кызматкердин декларациясын текшеришкен. Алардын ичинен 141 декларацияны Башкы прокуратурага жиберишип, иликтөө иштери жүрүүдө.

Кошумчалай кетсек, республика боюнча 20 871 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин киреше-чыгашасынын декларациясы кароого алынып, толук эмес берилгендер же дал келбестиктер байкалса аны Башкы прокуратурага жиберишет.

Copyright © 2017 Maral FM