Биз менен байланышыңыз

Баткендин Үч-Коргон айылында заманбап оорукана ачылды

Ден соолук | 18 Дек 2018 | 1053 | 0

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жеке ишкерлердин жана медицина тармагында алектенген түрк компаниянын биргелешкен демилгеси менен «Саламат Госпитал» деп аталган оорукана ачылды. Жалпы сметалык баасы 1 млн АКШ долларын түзгөн айылдагы ооруканада гемодиализ жана жүрөк ооруларын аныктоочу аппараттар орун алган.

Алтынбек Кутпидинов Ноокат районунун Көк-Жар айылында жашайт. Ал бөйрөк оорусуна чалдыгып гемодиализ аппараты аркылуу канын жасалма жол менен тазалатууга мажбур. Буга чейин Ошко барып дарыланып келген болсо, эми Үч-Коргон айылына келүүдө. Анткени жаңы ачылган оорукана Алтынбектин айылына жакын жайгашкан.

-Бир жылдан бери ушул оору менен жабыркап келем. Буга чейин Ош олблустук ооруканасына барып дарыланып турчумун. Эми Үч-Коргонго да ачылып аябай жакшы болду. Эми алыска барып убараланбайбыз. Заманбап, шарттары да жакшы экен.

Кадамжай районунун аймагында 50гө жакын адамдын бөйрөгү иштебей, гемодиализ аппаратына түшүп жансактап келүүдө. Баткен облусунда буга чейин гемодиализ кабинети жок болгондуктан, алардын көбү Ошко же Борбор калаага кетүүгө мажбур болгон. Эми бул көйгөй да чечилди. Кыргыз-түрк жеке ишкерлердин биргелешкен демилгеси менен оорукана ачылды. Бейтапканын директору Ысмайыл Жалаловдун айтымында, оорукана 4 бөлүмдөн турат, 15 бейтапка ылайыкташкан. Учурда ооруканада 4 дарыгер, 10 медайым эмгектенүүдө.

Бейтапкана 4 бөлүмдөн турат. Дарт аныктоо, жандандыруу, жүрөк оорулар, гемодиализ. Бүгүнкү күндө бизде Германиядан алынып келинген 8 гемодиализ аппараттары бар. Баары текшерүүдөн өткөн. Учурда  Баткен, Ош облустарынын келген 13 бейтап дарыланууда.

Гемодиализ бөлүмүнөн сырткары бул ооруканада жүрөк ооруларын аныктоочу медициналык аппараттар менен камсыздалган кардиология бөлүмү да ачылган.Мында ай сайын борбордон келген кардиолог дарыгерлер бейтаптарды текшерип турат. Ошондой эле оор абалдагы бейтаптар үчүн жандандыруу бөлүмү да бар дейт,-дарыгер Дамир Осмонов.

Бейтапкананын эң өзгөчөлүгү, жандандыруу бөлүмүндө жаткандарга да гемодиализ аппараттарын колдоно алабыз. Гемодиализди жандандыруу бөлүмүндө берүү биринчи жолу Кыргызстанда ушул клиникада болуп жатат.

Үч-Коргон айылындагы ооруканада 8 гемодиализ аппараты иштеп жатат. Бул аппаратка муктаж болгон бейтаптар бир жолкусуна 5250 сом төлөсө, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонд тарабынан камсыздандырылгандар үчүн 500 сом болот. Эске салсак, ушундай эле бейтапкана жылдын аягына чейин Баткен шаарында да ачылуусу кутүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM