Биз менен байланышыңыз

Депутат: Министрлер өз алдынча чечим кабыл ала албайт

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Дек 2018 | 613 | 0

Тендерлерди ачык өткөрүүнун жолдору көп. Бирок өкмөттүн чабалдыгынан улам бул иштер жасалбай калууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, пара алуунун жолун тосуу зарыл. Учурда министрлер каалагандай чечимдерди кабыл алып, реформа жүргүзө албайт. Алардын колу, буту байлануу. Баарын өкмөт башчы чечет. Бирок премьер-министр жоопкерчилик албай калууда. Жоопкерчилик колунан эч нерсе келбеген министрлерге калууда.

«Көпчүлүк нерсени премьер-министр  чечет. Алсак, Транспорт жана жолдор министринин орун басарын министр эмес, өкмөт башчы койгон. Бирок алар жоопкерчилик алган жок. Бираз жетишкендик болсо өкмөт башчы макталат, кемчилик болсо анда министрлер күнөөлүү болот», — дейт Сулайманов.

Анын пикиринде, бири-бирин кайталаган кызматтар көп. Агенттик, министрликтерди кыскартуу зарыл. Сулаймановдун айтканына караганда өлкөдө 380 миң мамлекеттик кызматкер бар. Аларга бюджеттен жыл сайын 130 млрд сом кетет.

«380 миң бекерчини айдаш керек. Кошоматчылар өз ишин жасап жатат. Биз акылдууларга шарт түзүп беришибиз зарыл. «Бул менин тууганым эле, таанышым» деген түшүнүк жоюулушу керек. Бир тармакты реформалоо менен жылыш болбойт. Өкмөт күзүндө курамын алып келери айтылган. Азыр «комиссия түзүлгөн, жумушчу топ иштеп жатат» деген жооп алабыз. Бир жакты карап ыйлып, бир жакты карап күлүп бюджетти эптеп кабыл алууга туура келет. Өкмөтүн иши жылбай калбасын дедик», — дейт эл өкүлү.

Copyright © 2017 Maral FM