Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: Кыргызстан капитализмге багыт алышы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Дек 2018 | 620 | 0

Өкмөт өзгөрүүгө мажбур болушу мүмкүн. Себеби өкмөттүн иши алдыга жылбай жатат. Мындай пикирин Жогорку Кенештин депутаты Алтынбек Сулайманов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, системаны өзгөртүү зарыл. Кыргызстан социализмден алыстап, капитализмге багыт алышы керек. Мындан сырткары кызматкерлер жумушун эки эсе так аткарып, 2-3 экеге көп айлык алып иштесе өлкө өнүгөт.

«Министлердин баары иштебейт дегенден алысмын. Бирок көпчүлүгү ишин жасай албай жатат. Өкмөттө чогулуш же кыдырмай эле болот. Бирок жаңы багытта алдыга жылдыра турган иштерди байкабай жатабыз. Андыткан баарын четинен өзгөртүү зарыл. Ансыз болбойт», — дейт Сулайманов.

Ошондой эле эл өкүлү өлкөдө кендер да туура эмес бөлүнгөнүн белгиледи. Анын билдиргенине караганда лицензиялар 300 сомго алынып, колдон-колго сатылып кеткен. Элге кен иштеткен компаниялардын пайдасы аз тийип жаткандыктан нааразычылыктар  болуп жатат. Анын айынан өлкөдө инвесторлор качып калган климат түзүлгөн.

«Өндүрүлгөн сырьелор ачык көрсөтүлбөй, кенди иштетүүдөгү нормалар сакталбагандыктан элде түрдүү талаптары болуп жатат. Инвесторлр келбей калды. Биздин мамлекктте жумуш жасоо коркунучтуу деген белгиге келдик. Бизде бизнести же тартып алат, же иштетпейт, же эреже жок. Жогору жактагы бийлик өкүлдөрү, бажычылар же милициялар калкалайт дейт. Биздин айткандарыбыз өкмөт тарабынан аткарылбагандыктан жылыш болбой келет», — дейт эл өкүлү.

Сулайманов парламенттеги фракциялар 2-3 кадрды сунуштай турганын, көп кадрларды премьер-министр менен КСДП фракциясы жайгаштырарын айтып, жоопкерчиликти ошолордон суроо зарыл экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM