Биз менен байланышыңыз

Сулайманов: Мен да кошоматчылардын катарын толуктайм

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Дек 2018 | 1536 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов “Марал” радиосуна берген маегинде парлементте дагы бийликти жактаган кошоматчылар отурганын, өзү да алардын катарын толуктай турганын билдирди.

«Мен өзүмчө башкача боло албайм. Чочуй турган эч нерсе жок. Бизнес менен алектенген жерим да жок. Бирок команда же башка нерсе үчүн ушундай кырдаалдар жаралып калышы мүмкүн. Биз муну танган болсок калп айткан болобуз. Бүгүнкү парламент алсыз дегенди моюнга алуу зарыл», — дейт Сулайманов.

Анын айтымында, парламентке 120 депутат көптүк кылат. Алардын саны 60ка кыскартылса эл өкүлдөрүнүн деңгээли эки эсеге өсөт. Анткени парламентке келүү бир топ татаал болот.

«Жогорку Кеңеште катуу кыйкырып, сындоо менен парламент иштеп жатат деп айтуу кыйын. Көпчүлүк депуттатар эл менен жолукпай калган. Мен дагы эл менен жакынмын дегенден алысмын. Жарандар депутаттар аткара албай калган тапшырмаларды берет. Аны аткара албаган депутат кайра айылдарга баруудан тартынат», — дейт эл өкүлү.

Сулайманов кошумчалагандай, ар бир чакырылышта парламент жаңыланып жатат. Анткени шайлоодо эски чакырылыштын депутаттарынын 30 пайызы гана кайра парламентке келет.

Copyright © 2017 Maral FM