Биз менен байланышыңыз

Еврокомиссия Москва менен Киевди сүйлөшүүгө чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Дек 2018 | 543 | 0

Еврокомиссиянын вице-президенти Марош Шевчович Орусия менен Украинаны январь айына газ маселесин сүйлөшүү үчүн чакырды. Бул тууралуу Риа новости жарыялады.

Январдын ортосунда үч тараптуу жолугушууда орусиялык газды Украина аркылуу өткөрүү маселеси каралат.

Украина 2015-жылы Орусиядан газ сатып алуунун токтоткон. Ал эми анын аймагы аркылуу Европага газ ташуучу өтмөк боюнча келишим 2019-жылдын аягында соңуна чыгат. Орусия андан ары газды Балтика аркылуу ташуучу «Түндүк агым-2» өтмөгү аркылуу жиберерин айтууда. Бул Украинаны ири транзиттик салыктан куру калтырат.

Эске салсак, буга чейинки үч тараптуу сүйлөшүү июль айында Берлинде өткөн. Ал эми сентябрда эксперттер Европанын алдыдагы он жыл ичинде орус газына болгон муктаждыгын жана 2019-жылдан кийин орусиялык күйүүчу майдын Украина аркылуу өтүүсүнө Евробиримдиктин мыйзамдарынын таасирин баалашкан.

Copyright © 2017 Maral FM