Биз менен байланышыңыз

АКШ Орусиянын армиясын алсыратууну көздөйт

Кыска кабар | 15 Дек 2018 | 558 | 0

АКШнын Орусияга салган экономикалык санкцияларынын максаты-орус армиясын алсыратуу. Мындай билдирүүсүн Американын Украинадагы мурунку элчиси, Атлантика кеңешинин Евразия боюнча жетекчиси  Жон Хербст билдирди.

«Биз алардын экономикасы начарлашын көздөйбүз. Анткени күчтүү экономика күчтүү аскердик түзүмдү камсыздайт эмеспи. Биз агрессивдүү держава күчтүү армияга жана флотко ээ болуусун каалабайбыз. Ошондуктан америкалык санкциялар бул кызыкчылыкка төп келет»,-деди Хербст.

Буга чейин да АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Курт Волкер Керч окуясы үчүн АКШ менен Евробиримдик Орусияга каршы кошумча санкцияларды киргизүүсү зарыл экенин жарыялаган болчу.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын август айында АКШнын сенаты Орусияга каршы чаралар боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Бирок аны карап, добушка коюуга жылдын аягына чейин жетишпей турганы айтылууда. Ошондуктан бир катар орусиялык ишканаларга жана банктарга салынчу санкциялар келерки жылы каралары күтүлүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM