Биз менен байланышыңыз

Путин: Санкциялар Орусияны 50 млрд доллар чыгымга учуратты

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 627 | 0

Соода тармагындагы чектөөлөрдөн улам Орусия 50 млрд доллар чыгымга учурады. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин түз эфир аркылуу суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Ошондой эле, санкциянын айынан Европа өлкөлөрү 240 млрд доллар, АКШ 17 млрд доллар, Жапония 27 млрд доллар жоготконун айтты.

Орусия президенти Владимир Путин салт болуп калган «түз байланышты» 17-жолу өткөрүүдө. Суроолорду кабыл алуу 9-июнда башталган. Уюштуруучулар түз эфирге бир саат калганда Путинге 1 521 937 суроо түшкөндүгүн кабарлаган.

Учурда суроолорго жооп берүү уланууда. Былтыркы жылы 7-июнда өткөн жыйын 4 сааттан ашык убакытка созулган.

Copyright © 2017 Maral FM