Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Бажыдагы кемчиликтерге бардык бийлик бутактары жооптуу

Бажы тармагындагы кемчиликтерге өкмөт, парламент, президент жооп бериши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бажы саясаты Москвада чечилип, Кыргызстанга дүйнөлүк деңгээлдеги системалар кирип жатат. Мындайда өлкө айыл чарба өндүрүмдөрү менен чет өлкөлүк рынокто атаандаша албайт. Себеби көзөмөл күчөйт.

«Алсак, Орусия санкциялардан улам товарларды көзөмөлдөөнү күчөттү. Ал жакта сатылган ар бир товардан 20% салык төлөнөт. Алматы шаарында да ар бир сатыктан салык топтоо системасы кирип, калаанын бюджети өсүп жатат. Бул багытта биз да дүйнө жүзүндө болуп жаткан ыкмаларга көнбөсөк иш жүрбөйт. Бирок Кыргызстан иш алып барууда чабалдык кылып жатат. Көп учурда өкмөт садага чабылып кетүүдө», — дейт Жапаров.

Эл өкүлү буга кошумча, көзөмөл өткөрүү бекеттеринде кечигип жаткан модернизациялар боюнча парламентте талкуу өткөрүп, маселени аягына чыгаруу керектигин белгиледи.

«Товарларды көзөмөлдөгөн система эмнеге иштебей жатат? Бул боюнча Коопсуздук Кеңешине алып чыгып, күчтүү экономисттер анализ чыгарышы керек», — дейт депутат.

 

Copyright © 2017 Maral FM