Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик Орусияга жаңы санкциялары салат

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 641 | 0

Евробиримдик алдыдагы эки апта ичинде Орусияга киргизилчү Керч кысыгындагы окуяларга байланыштуу санкцияларын аныктайт. Бул тууралуу биримдиктин эл аралык мамилелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Федерика Могерини билдирди.

Анын айтымында мүчөлөр эки аптада кандай санкциялар кирерин белгилешет. Буга Керч кысыгында орус чек арасын бузуп кирди делген үч украиналык кемелердин жана аскерлердин Орусияда кармалып турушу да себеп болууда.

Адистердин айтымында мурунку санкцияларга дагы бир нече жеке тараптар кошулушу мүмкүн.

Эске салсак, 2014-жылы Крымдын Орусияга өтүшүнө Кремлди айыптаган Евробиримдик бир катар орусиялык компаниялар менен жеке тараптарга санкцияларды киргизген. Алар алты ай сайын автоматтык түрдө жаңырып турат. Айрым мүчөлөр санкциялардан баш тартканы менен уюм жаңыларын кошууну көздөөдө.

Copyright © 2017 Maral FM