Биз менен байланышыңыз

АКШ Сирияга каршы жаңы санкцияларды киргизди

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Окт 2020 | 350 | 0

АКШ Сириянын бир катар жарандарына жана 13 уюмуна, анын ичинде өлкөнүн туристтик сайтына санкцияларды киргизди.

Санкциялар бир нече туризм жана курулуш компанияларын, анын ичинде Сириянын алты жаранын, Сирия армиясынын 5-корпусунун командири Милад Жадидди бутага алган.

Атайын дайындалган жарандар жана бөгөттөлгөн адамдардын тизмеси (Specially Designated Nationals And Blocked Persons List) деп аталган бул санкциялардын тизмеси — чет мамлекеттердин атынан Америка Кошмо Штаттарына каршы иш алып барган адамдардын жана компаниялардын тизмеси.

Бул тизмедегилердин банктык эсептери тоңдурулат, алардын АКШга киришине жана америкалыктардын алар менен бизнес жүргүзүүсүнө тыюу салынат.

Июлдун аягында АКШ Сирияга каршы санкциялардын мөөнөтүн узартарын жарыялаган. Анын айтымында, тыюу салынган адамдардын тизмесине Сириянын президенти Башар Асаддын 19 жаштагы уулу Хафиз Асад жана анын аталаш агасы Зухайр Тавфик Асад кирди.

Copyright © 2017 Maral FM