Биз менен байланышыңыз

АКШда коронавирустун курмандыктарынын саны 200 миңден ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Сен 2020 | 390 | 0

АКШда коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын саны 200 миңден ашты. Мындай маалымат Жонс Хопкинс университетинин сайтында кабарланды.

Акыркы маалыматтарга караганда, АКШда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 6,89 миллиондон ашты. Ал эми вирустан каза болгондордун саны 200 миң 724 адамды түздү.

Америка Кошмо Штаттары оору жана өлүм көрсөткүчү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.

Инфекциядан каза болгондордун саны боюнча Бразилия 137,000 өлүм менен 2-орунда, ал эми Индия 88,9 миң өлүм менен 3-орунда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM