Биз менен байланышыңыз

Табып Хашим Зайналиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Кыска кабар | 15 Дек 2018 | 535 | 0

Табып Хашим Зайналиевге Кыргызстандын чек арасынан чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнен кабарлашкан.

Маалыматка ылайык Зайналиев өлкөдөн чыгууга аракет кыла турган болсо кармалып, Убактылуу кармоочу жайга киргизилет.

Анын ишмердүүлүгү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бирок ал «дарылап», оор абалга түшүп калган кыздын ата-энеси Зайналиевге каршы арыз жазуудан баш тартышкан. Табыпка Саламаттыкты сактоо министрлигин кайрылуусунун негизинде «мыйзамсыз дарыгерлик кылуу» беренеси боюнча иш козголгон.

Эске салсак, Хашим Зайналиев бир нече жылдан бери Бишкекте онко оорулуу бейтаптарды белгисиз чөп дарылардын жардамы менен дарылоочу борборду иштетип келет. Анын бул ишмердигинин тегерегинде эки жыл мурда дагы чуу чыгып, бирок анын дарылоосун токтогон эмес. Акыркы окуядан кийин анын дарылоочу борбору жабылып, өзүнө ишмердик кылууга убактылуу тыюу салынды.

 

Copyright © 2017 Maral FM