Биз менен байланышыңыз

Зайналиев эки айга камалды

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 515 | 0

Элдик табып деп билинген Хашим Зайналиев тергөө иштерине байланыштуу эки айга камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын  маалымат кызматы билдирди. Анын баш коргоо чарасын 24-декабрда Октябрь райондук соту карап, камоо чечимин чыгарды.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы медициналык уруксат кагазы жок дарыгерлик кылган Хашим Зайналиевге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу») менен иш козгоп, тергөө ишин баштаган. Ал 22-декабрда кармалып, ооруканасындагы дары-дармектери экспертизага жөнөтүлдү.

Зайналиевдин дарылоо жолдру Саламаттыкты сактоо министрлигинин талаптарына жооп бербейт делгени менен анын таламын талашып чыккан коомдук активисттер да жок эмес. Алар мамлекеттик ооруканалар карабай койгон бейтаптарды ал карап жатканын айтып келишет.

Эске салсак, 28-ноябрда Онкология борборунун балдар бөлүмүнө оор абалда  түшкөн беш жаштагы кызды Зайналиев дарылаганы маалым болуп, иш козголгон. Мындан сырткары анын колуна келип өмүрү менен кош айтышкандар болгону менен алар башында даттанбоо үчүн кол коюп беришери айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM