Тышкы иштер министрлиги 2024-жылдын декабрь айында чет өлкөдө каза болгон 15 кыргызстандыктын сөөгү Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу министрлик 17-январда билдирди.
Маалыматка караганда, «Жүк-200дү» алып келүүгө министрликтин жетекчилиги менен Кыргызстандын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери көмөктөшкөн.
Министрлик 2024-жылдын ноябрь айында чет өлкөдөн 17 кыргызстандыктын сөөгү алып келингенин кабарлаган.