Акыркы сутка ичинде орус рублинин жана евронун сомго карата расмий курсу төмөндөп, доллар жана юандын курсу жогорулады.
17-январга карата Бишкектеги банктарда доллар орто эсеп менен 87,30 сомду түзүүдө. Улуттук банктын расмий курсу боюнча бир доллар 87,44 сом.
Евронун сомго карата курсу жогорулаганы байкалды. Учурда бир евро орто эсеп менен 89,70 сомдон сатып алынып, 90,70 сомдон сатылууда. Расмий курс 90,0380 сомду түздү.
Ошондой эле орус рубли да төмөндөп, банктарда 0,8450 сомдон сатып алынса, 0,8650 сомго чейин сатылууда. Улуттук банктын курсу 0,8525 сомду түздү.
Теңгенин расмий курс – 0,1652 сом.
Ал эми юань бир аз жогорулап, бир юань11,9277 сомду түзүүдө.