Биз менен байланышыңыз

Мыйзамды көзгө илбеген Зайналиев

Ден соолук | 5 Дек 2018 | 1306 | 0

Табып Хашим Зайналиев 5 жаштагы кызды дарылагандан кийин оор абалда ооруканага жаткырылган. Бул маалымат тараган соң табыпка карата болгон нааразычылыктар кайрадан жанданды. Маалыматка ылайык, Хашим Зайналиев 5 жаштагы онкологиялык жактан оорулуу кызды өзүнүн ыкмасына салып дарылап келген. Бирок анын мындай жоругу кыздын абалын ого бетер оорлоштурганын дарыгерлер аныкташкан. Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, бул боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Азыркы учурда бул иш Бишкек ШИИБ тарабынан көзөмөлгө алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары соттук-медициналык экспертизаны дайындоо тууралуу суроолор каралып жатат.

Хашим Зайналиевге байланыштуу болгон бул жалгыз окуя эмес. Эки жыл мурда да наркозсуз операция жасаганы айтылып, коомчулукта чуу чыккан. Бирок жабырлануучулар тарабынан доо арыз болбогондуктан, азыркы күнгө чейин ага иш козголбогонун укук коргоо органдары айтышат.

Атын атагысы келбеген жаран да 1 жыл мурда шыпаа издеп апасын алып барган. Жарнаманы бирөөлөрдөн угуп эле сакайып кетеринен үмүт кылып барып калганын жашырбайт. Бирок аны акчадан башкасы кызыктырбай турганын байкап, эки күндөн кийин кетип калган. Көпчүлүктүн табыптын үстүнөн арыз жаза албаганын төмөндөгүчө айтып берди.

Орун жок. Шарты такыр жок. Бир бөлмөдө 4-5 киши жатат. Орун жок болгондуктан жерде жаттык. Оорулуу апам да жерде жатты. Күнүнө 2500 сом берсең да, ийнесин өзүң аласың. Бейтап процедураны да өзү кылат. Бир гана банкага дарыларын куюп коет. Ошону ичип жата берет. Ал бейтаптарга үмүт берип, күнүнө 2500 сомдон алып коюп отура берет. А ооруканага барсаң, ачыгын айтат да.  Биринчи киргенде “эч кандай доо арызым жок” деп арыз жаздырып алышат. Ошол үчүн өлсө да, эмне болсо да эч ким арыз жаза албайт.

“Бирге ракка каршы” коомдук бирикменин жетекчиси Гүлмира Абдразакова да шыпаа издеп  табыптарга барган бейтаптарды көп көргөн. Жашоодон үмүт үзүү кыйын деген Абдразакова химиотерапиядан коркуп, табыпка барып, ооруну көтөрө албай каза болгон жаш келиндин тагдырын айтып берди.

Бизде химиотерапиядан коркушат. Андан коркуп көп бейтаптар баш тартат. Ошондой бейтаптардын бири дарылангандан көрө деп, ошол табыпка барыптыр. Барган күнү көкүрөгүнө ийне сайган. Ал көкүрөгү шишип, колуна өтүп кеткен. Оор абалга келгенде кайниси бизге келди. Дароо онкологияга алып барсак, кеч болгонун айтышты.

Мындай элдик дарыгерлик менен алектенген жерлерди Саламаттыкты сактоо министрлиги жаап коё албайт. Анткени лицензия берген эмес. Аларды текшерүү укугу укук коргоо органдарында гана бар. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев ал үчүн элдин түшүнүгүн өзгөртүү керектигин айтат.

-Биз бейтаптардын баарын табыпка барбай турушун көзөмөлдөй албайт экенбиз. Илгертен табыпка барып көнгөн. Ал эми бул кырдаал боюнча биз укук коргоо органдарына маалымат бердик. Тиешелүү чечимдерди алар чыгарыш керек.

Эске салсак, “рак оорулары менен күрөшөм” деген табып Хашим Зайналиев 2016-жылдын күз айында бейтаптарынын бири каза болгондон бери коомчулукта белгилүү болгон. Анда ал көкүрөк рагына кабылган аялга наркозсуз операция жасап көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан. Табыптын өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM