Биз менен байланышыңыз

Прокуратура Зайналиевдин ишмердигин мыйзамсыз деп таанууну өтүнөт

Кыска кабар | 6 Фев 2019 | 794 | 0

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы табып Хашим Зайналиевдин ишмердигин мыйзамсыз деп таануу боюнча өтүнүч келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Буга чейин Зайналиев “алдамчылык” беренеси боюнча айыпталып, №1 убактылуу кармоочу жайга камалган. Бирок аз убакыт өтпөй эле Бишкектин Октябрь райондук соту элдик табыпты бошотуп, ага козголгон иш токтоткон.

Эске салсак, өткөн жылдын ноябрь айында Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө оор абалда кыз түшкөн. Кийинчерээк ал кызды ата-энеси дарылоонун ордуна, табыпка алып барып жүргөнү аныкталып, анын кесепетинен кыздын абалы оорлошконун дарыгерлер айтып чыгышкан.

Зайналиевге карата нааразычылыктар болгону менен, ага карата иш козголбой келген. Анткени жабырлануучулар тарабынан арыз жазылган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM