Биз менен байланышыңыз

Батукаевди бошотуу чечимин чыгарган сотко кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 782 | 0

Башкы прокуратура Азиз Батукаевди камактан чыгаруу боюнча чечимди чыгарган Нарын шаардык сотунун судьясы Ж. Э. аттуу жарандын үстүнөн сотко чейинки териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу мамлекеттик айыптоочу органдан маалымдашты.

Ага ылайык, 2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Ж. Э. 4-убактылуу кармоочу жайынын башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучунун көрсөтмөсү менен Азиз Батукаевди бошоткон.

Маалыматта айтылгандай, ал Азиз Батукаевдин айыкпас ооруга чалдыккандыгы тууралуу маалыматтар менен кылдат таанышкан эмес жана мыйзамдагы уурунун Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзүп берген.

Мурдагы судьянын иши тууралуу маалыматтар чогултулуп, 335-берененин 1-бөлүгүнө, 319-берененин 1-бөлүгүнө ылайык, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кошумчалай кетсек, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаев 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн райондук соту тарабынан соттолуп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 16 жыл 8 ай 15 күнгө эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартиптеги абакка камалган болчу. 2013-жылдын апрелинде айыккыс ак кан оорусу менен ооруйт деген бүтүм чыгып, камактан бошотулуп, Грозный шаарына учуп кеткен. Батукаевдин иши боюнча 2019-жылы кайра жанданып, тергөө иштери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM