Биз менен байланышыңыз

Каратаев: Зайналиевдин бейтаптары кароосуз калбайт

Пикирлер | 24 Дек 2018 | 1327 | 0

Табып Хашим Зайналиевдин бейтаптары кароосуз калбайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Хашимдин бейтаптарын көрдүк. Алар «табып бизди дарылап бүтүрсүн» дешти. Бирок табыпты чыгаруу маселесин мыйзам чегинде сот менен укук коргоо органдары карайт. Ал эми оорулууларды биз карайбыз. Хашим Зайналиевдин ооруканасы иштебеши керек», — дейт Каратаев.

Белгилей кетсек, милиция 22-декабрда Зайналиевге “алдамчылык” беренеси боюнча экинчи кылмыш иши ачылганын айтып, убактылуу тергөө жайына камакка алынган.

Ал эми Зайналиев фейсбуктагы баракчасына ооруканада өлүм алдында 20 бейтап калганын жана аларга бир нерсе болуп кетсе, милиция менен жалган кылмыш иш ачтырган дарыгерлерден көрүү керектигин жазган.

Copyright © 2017 Maral FM